super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Айбек Мырза: "Акыркы саясий окуялар боюнча бийликтин үн катпаганы аброй алып келбейт"

 

Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялаган. Коомчулукта талкуу жараткан маалыматты президенттин басма сөз кызматы жалган деп четке каккан. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрдагы маегинде "бул реалдуу документ, анда реалдуу адамдардын аттары аталып, реалдуу цифралар жазылган" деп билдирди.

Экс-президенттин маегинде айтылган дооматтар боюнча азыркы бийлик эч кандай реакция жасай элек. Бул көрүнүш коомчулукта шектенүүлөрдү жаратып жатканын маалымат жыйынында Адахан Мадумаров белгилеп өттү.

SUPER.KG порталынын "Президенттик шайлоонун жыйынтыгына, Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин легитимдүүлүгүнө шек жаралды. Муну жокко чыгаруу үчүн бийлик эмне кылышы керек?" деген соболуна жарандык активист Айбек Мырза жооп берди.

Ал Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясына кеткен каражаттар, Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсү боюнча парламентте комиссия түзүлүшү керек деген пикирде.

"Нурбек Токтакунов жарыялаган маалыматтар боюнча депутаттык комиссия түзүлүшү керек. Ал комиссия бир тараптуу эмес, оппозиция, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралып, ачык иликтөөсү кажет. Комиссиянын иши ачык болушу зарыл. Бул окуяларды "фейк" деп көңүл сыртында калтыруу азыркы бийликке аброй алып келбейт. Фарид Ниязов да, Алмазбек Атамбаев да жарыяланган эсептерди реалдуу документ дешти. Муну Коопсуздук кызматы иликтеши керек. Парламентте чоң маселе болуп каралбаганы парламенттин калыс экенинен күмөн туудурат. Азыркы президенттен коркуп, маселелерди көтөрбөй жатканы кул парламент экенинен, нотариус парламент экенин билдирет", - деди Айбек Мырза.

Жогорку Кеңештин депутаттары Таалайбек Масабиров, Исхак Масалиев, укук коргоочу Рита Карасартова, эксперт Руслан Акматбек, медиа-эксперт Жылдызбек Калыгуловдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: