Бүгүн Өзбекстанда футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеши башталып, Кыргыз курамасы Тажикстан менен беттешет
Бүгүн, 23-ноябрда Өзбекстанда футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы "CAFA Women’s Championship" мелдеши башталат. Анда Кыргыз курама командасы Тажикстан курама командасы менен беттешет.
Беттеш Ташкент шаарындагы "Миллий" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө старт алат.
Мелдеште Кыргыз, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Иран курама командалары күч сынашат. Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиева курамга 23 футболчуну чакырган. Алардын арасында испаниялык "Феминино Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Айдана Оторбаева да бар.
23-ноябрда өтүүчү беттештердин тизмеси:
15:00. Тажикстан-Кыргыз өлкөсү
18:00. Өзбекстан-Ооганстан
Кыргыз курама командасынын тизмеси:
- Дарбазачылар:
- Айчүрөк Толонова, Дильнура Абибулла кызы (ЧО СДЮШОР);
- Коргоочулар:
- Заирина Ахматкулова, Насибахон Анарбаева (Эдельвейс), Айдай Нурлан кызы, Алтынай Канатбек кызы (СДЮШОР СИ), Сабина Конушбаева (Илбирс), Айгерим Жаркулова (ЧО СДЮШОР), Ирина Дорофеева (Абдыш-Ата), Баяна Келишова(Каракол)
- Жарым коргоочулар:
- Кенжебүбү Ырысбек кызы, Бактыгүл Токтоболотова, Айжана Боронбекова, Виктория Далингер (ЧО СДЮШОР), Айтурган Аскар кызы (Илбирс), Адинай Кылычбек кызы, Адинай Дүйшөбаева (Каракол), Аделя Эркинбаева (ЧО СДЮШОР), Айпери Саскеева (Ысык-Көл)⠀
- Чабуулчулар:
- Шахноза Ибраимова, Сивиля Мамедова (ЧО СДЮШОР), Айдана Оторбаева (Феминино Мадрид), Анна Зародина (СДЮШОР СИ).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
salimbek87.kg

23.11.2018. 10:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик жеңиш менен кайткыла
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.