super.kg logo

Дисней киностудиясы "Падыша арстан" мультфильминин негизинде тартылган тасмасынын тизерин жарыялады

 

Walt Disney Studios киностудиясы "Падыша арстан" мультфильминин негизинде тартылган тасмасынын тизерин жарыялады. 22-ноябрда жүктөлгөн тизерди бир сутканын ичинде көргөн колдонуучулардын саны 6 миллионго жакындады. Тасманын 1994-жылы тартылган мультфильми дүйнөгө кеңири таанымал.

Режиссёр Жон Фавронун "Падыша арстан" мультфильминин жаңыланган версиядагы тасмасы көрүүчүнү Африка саваннасына алып барат. Кызыктуу сюжетте жапайы дүйнөнүн болочоктогу падышасы өзүнүн "Сыймык аскасына" жетүү үчүн кандай чыккынчылыктарды, трагедияны башынан өткөрөрү көрсөтүлөт. Аталган тасма 2019-жылдын жай айларында кинотеатрларга чыгарылат.

22-ноябрда чыккан тизерде жапайы дүйнөдөгү бардык жаныбарлар чогулуп болочоктогу падышаны көрүүгө келишет. Жаныбарлардын аксакалы атанган маймыл Рафики жаңы төрөлгөн болочок падышаны "Сыймык аскасына" алып чыгып айбанаттарга көрсөтөт. Тизерде тасманын 1994-жылы чыккан мультфильминде колдонулган "Жашоо айлампасы" саундтреги ойнолот.






Walt Disney Studios "Король лев" тизер (2019)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күтөбүз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: