super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумда жабырлануучу тарап менен соттолуучулардын жакындары эки жаат болуп жаңжалдаша кетишти

 

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча кезектеги соттук отурум орун алды. Анда соттолуучулардын бири Марс Бөдөшовдун досу Акмат Сеитов көрсөтмө берди. Анын берген көрсөтмөсүн Бурулай Турдали кызынын жакындары чындыкка дал келбейт деп чырдап чыгышты. Соттолуучулардын тарапташтары менен жабырлануучу тараптын ортосунда кайым айтышуу болуп, жаңжал чыгып кетти. Тартипти соттук отурумду көзөмөлдөөчү конвойлор жөнгө салып, эки жакты ажыратып калышты.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон.

Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.






Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумда жаңжал чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
23.11.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Турдали акада болбогон ака болдуго,ушунча болду чындыка баш ийип бербейби эми,куноону кобу же кылмышка атайылап жеткирген дагы озу болуп жатат. Кызы конулу болсо берип кое бергенде азыр бактылуу болуп журмок байлыка кызыккан киши экен,кызынын олуму да ал сыпатын токтото албаган окшойт. Кыздын жаткан жери жайлуу болсун...
23.11.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Соттолуучу тарап кайсы бетинер мн жанжалдашасынар .Мин наалат силерге ,албетте силерден тарбия алган адам зоокур болот да .А Марстын досуна соз жок .Озу кандай болсо досу да озундой болот да мыкаачы.Чырактай кызды олтурдун эки дуйнодо тен жакшылык корбо
23.11.2018. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan2702,туура. Мен дагы кошулам.
23.11.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул марстын олтургонуно ишенуу ото кыйын болуп атат да мен учун. Кызды менттер эле олтургондой сезилип жатат да. Баланын туугандарында не куноо хми асыла берип тойгозуптур да ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-23 13:24:09
23.11.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне эле аягына чыга алышпай жатат. Марс өлтүргөн эмесмин деп жатабы? Же өзүмдү билбей калгамын дейби? Же элге дагы маалымат беришпейт
23.11.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Турдали ака кызына куран окуп уйундо отурса пайдалуураак болмок...
Медиа-портал
24.11.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Детсат,биринчи тияк кийин бияк.
Бир ишти аягына чыгаралбаган кандай мамлекет болсун ия видеону коруп уяласын.Эртерек чечим чыгарса ушундай тияк бияк болбойт.жанакы экспертчиге айтарым ишинди билбейсинби эртенден калбай увольнение жаз.Жогору жактагылар конул буруп койгула ушул ишке айланып кетейин коп жашагырлар.Баткендеги окуяга чонунар дароо жетип барды а бул ишке ит итти каппайт болуп жатканы корунуп билинип турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: