Ошто 9 миңдей адам терроризмге каршы жөө жүрүшкө чыкты. Ош мэриясы: "Иш чарага эч ким мажбурланган жок" (сүрөт)







Бүгүн, 23-ноябрда Ош шаарында экстремизм жана терроризмге каршы жөө жүрүш өтүп, ага 9 миңге жакын адам катышты. Иш-чарага мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине кошулуп жогорку жана орто окуу жайлардын студенттери да катышты.
Буга чейин мэрия тарабынан билим берүү мекемелерине кат келип, анда окуучулар аталган иш-чарага катышуусу керектиги талап кылынган тапшырма болгону интернетке тараган.
Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров SUPER.KG`ге жөө жүрүшкө чыгууга эч ким мажбурланбаганын айтты. Анын айтымында, окуу жайларга жиберилген кат сунуш катары берилген.
"Иш-чарага жалпы 9 миңдей адам катышса, арасында жогорку окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары да болду. Алардын бири дагы мажбурлоо түрүндө чакырылган жок. Болгону ачык сабак иретинде студенттер келип экстремизм жана терроризмге каршы аракет боюнча түшүнүк алсын деген негизде окуу жайларга кат жибергенибиз. Бирок кат сунуш катары берилген. Иш-чара бир саатка жетпеген убакытта аягына чыгып, келгендер тарап кетишти", - деди Абсаттаров.
кошулду



Журуш кылабыз десенер эле студент, окуучулар "давай" дештиби?! Аларды мугалимдери зордоп алып чыкты да. Мугалимдерге проректор, ректор, директорлоодон корсотмо, буйрук тушкон. Аларга мэриядан буйрук барган. Эми туштон кийин жанынарды жеп актанып эмне кыласынар?!!
Жок дегенде түнкү клубтарды, же ж.б. ушуга окшогон кумар каналардын ордуна садик курулсун десең...