super.kg logo

Бурулайдын өлүмү боюнча соттук отурумда айыпталуучулардын бири милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынганын айтты

 

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча кезектеги соттук отурум болуп өтүү. Соттук отурумда "ала качуу" беренеси боюнча айыпталып жаткан Акмат Сейитов өз көрсөтмөсүн берди.

Анын айтымында, окуя болгон күнү Марс Бөдөшов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын Талас облусуна бара жатканын уккан. Анын унаасы менен келинчегине барып келейин деп чогуу жөнөгөн. Бирок ал Бурулайды ала качып баратканын Сосновка постунан Жол кыймылынын кызматкерлери токтоткондо билген.

"Мага Марс телефон чалып, Таласка кете турганын айтты. Анан Таластагы келинчегиме барып келүү үчүн Марстын унаасына отурдум. Мен Марстан бул кимдин машинасы деп сураганда ал мага "байкемдики" деди. Жолдо катар ал дагы бир нече адамдар менен телефон аркылуу сүйлөшүп баратты. Мен унаанын артында отургам, жанымда бир кыз бара жатты. Бул ким деп сураганда "тууганым" деп койгон. Мен кыз ала качууга катышкан эмесмин. Унааны да мен айдаган эмесмин. Бизди качан гана Сосновка постунан кызматкерлер тоскондо гана кыз ала качып баратканыбызды билдим.

Бизди Жайыл РИИБине алып барышты. Марс экөөбүздү башка кабинетке киргизип, ал эми кызды башка бөлмөгө алып кеткен. Анан мен нөөмөт бөлүмүнүн кызматкеринен эшикке чыгып тамеки чегип келүүнү сурандым. Алар уруксат беришип, эшикке чыгып кеттим. Ошол маалда Марс коридордо турган. Ал конвоирден кызга жолугуп алайынчы деп суранганын бир жолу көргөм. Ошол боюнча эле эшикте отура бердим, бир кезде кыздын кыйкырганы угулуп, ызы-чуу болуп калышты. Сырттан чуркап кирсем эле милиция кызматкерлери эшикти талкалап кабыл алуу бөлмөсүнө кирип бара жатышыптыр. Мен да алар менен кошо кирсем, жерде Бурулай менен Марс кан болуп жатышкан экен. Ошол учурда мени милиция кызматкерлери колума кишен салып, ар кайсы кабинетке алып кире беришти. Ал ортодо мени чапкылап, унаа кимдики, бала менен кыз сага ким болот деп сурай башташты. Кызматкерлер мени бөйрөккө жана ичке чаап жатышканда, арасынан бирөө "эртең денесине так түшүп калбасын, абайлагыла" деди. Алар "унааны мен айдагам деп айт, моюнга ал деп да кыйнашты", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
23.11.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ана сага
23.11.2018. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынакей чындык ушунтип ачыла баштайт окшойт.
23.11.2018. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ачыгын айтабер баарибир чындык женет
23.11.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай айланайын чындык ачылса экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: