super.kg logo

Жалал-Абадда тарбиячысы балдарды урган бала бакчанын жетекчиси жумуштан четтетилди

 

Жалал-Абад шаарындагы тарбиячысы балдарды урган бала бакчанын жетекчиси жумушунан четтетилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG порталына Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, кечээ бул окуя боюнча тиешелүү мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн. Анда 3 жаштагы бала менен кыз сабалган бала бакчанын жетекчисин тергөө амалдарынын аягына чейин кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынган.

Андан сырткары тарбиячы жана анын жардамчысы да жумушунан алынып, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси (жашы жете электерди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголгон.

Эми Жалал-Абад шаарынын аймагындагы 22 муниципалдык мектепке чейинки билим берүү мекемесинин кызматкери текшерүүгө алынмай болду.

Эске салсак, мындан эки күн мурун интернетте бала бакчада тарбиячы кичинекей балдарга кыйкырып, урган видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан. Видеону жөнөткөн адам окуя Жалал-Абаддагы №21-бала бакчада болгонун жана видеодогу тарбиячы тарабынан мындай жүрүм-турум адатка айланганын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
23.11.2018. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Катуу чара көрүлүп башкаларгада сабак болсун. Кыргызстан 7 областынын баарысын текшерүүгө алсын ошол комиссия менинда кызым бала бакчага барат .Бул көз кылмыш жаздымында калбаш керек кайдыгер карабагыла.
23.11.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизди садикте чыбык менен чапчу, мектепте китеп менен башка канк эттире, армияда өтүк менен данк эттире. И что? Кудайга шүгүр, инвалид болгон эч ким жок. Бирок баары эркек!!!
Азыркы замандын балдары ким болот экен эми...?
Же акыя айтышчу репчик же заява жазчу доносчик болсо керек.
24.11.2018. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TIMON_BERKOWITZ, Тимон молодчик...
24.11.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TIMON_BERKOWITZ, Менин башымдан да өткөн баары. Азыр деле айгырдаймын го чиркин....
24.11.2018. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир бала бакчага видэо козомол койдурушу керек,баарынардын эле балдарынар барат да.Ошондо коопсуз болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: