super.kg logo

"Акнет" компаниясынын кызматкерлери митингге чыгышты

 

Бүгүн, 23-ноябрда "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын кызматкерлери компаниянын Бишкектеги кеңсесинин алдына митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган компаниянын жактоочусу Амантур Абдырахманов кабарлады. Анын айтымында, тинтүү иштерине байланыштуу кызматкерлер айлык албай калышы мүмкүн болгондугуна нааразы болушууда.

"Менин билишимче, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы учурда компаниянын банктык эсептерин камакка алып коюптур. Ошондон улам 100дөн ашык кызматкер компаниянын алдында нааразычылык билдирип турушат. Алар интернет орнотуу жана оңдоо иштери менен алек болгон кызматкерлер. Бул кызматкерлердин күн сайын унаасына май куюп туруу керек. Андан сырткары айдын аягы болгондуктан айлык маянасын берүү зарыл болчу", - деди Абдырахманов.

22-ноябрда "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сыналгынын экранынан көрүнүп жаткан сүрөттөр жарыяланган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.11.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жээнбеков бул жонундо эмне дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: