super.kg logo

"Акнет" компаниясынын жактоочусу: "Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы компанияны текшерүүдө мыйзам бузууга барды"

 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы интернет таратуучу "Акнет" компаниясын текшерүүдө мыйзам бузууга барды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда SUPER.KG'ге аталган компаниянын жактоочусу Амантур Абдырахманов кабарлады. Анын айтымында, тергөөчүлөр козголгон кылмыш ишке тиешеси жок документтерди да көтөрүп кеткен.

"Компанияны үч адам негиздеген. Алардын бири "компаниянын жетекчилиги белгиленген үлүшүмдү төлөбөй жатат жана ири суммадагы салыкты төлөөдөн качууда" деп арыз жазган. Ушул арыздын негизинде текшерүү жүрдү. Биздин оюбузча, кылмыши иш шашылыш жана туура эмес козголгон. Андан сырткары тергөөчүлөр тарабынан мыйзам бузуу байкалган. Себеби ишке тиешеси бар же жогуна карабай бүт документтерди алып кетишти. Мыйзамда соттун токтомунун негизинде текшерүү жүргүзүүгө болорун, бирок козголгон кылмыш ишке тиешеси бар гана документтерди алуу керектиги көрсөтүлгөн. Азыр компанияда кызматкерлерге айлык акы берүү жана салык төлөө боюнча кыйынчылыктар орун алууда. Алар кайсы документтер менен мындай иштерди жүргүзөт?" - деди Абдырахманов.

Жактоочу компания жетекчилеринин үйлөрү жана Ош шаарындагы "Акнет" компаниясын кеңсеси да текшерүүгө алынганын кошумчалады.

22-ноябрда "Акнет" интернет таратуучу компаниясынын иши үзгүлтүккө учурап, ишкананын расмий сайтында жогорку жактагы магистралдык линияларда мүчүлүштүктөр болгондон улам байланыш убактылуу үзүлгөндүгү жазылган. Кийин интернетте "Акнет" компаниясында рейдерлик басып алуу болгону сыналгынын экранынан көрүнүп жаткан сүрөттөр жарыяланган болчу. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы компаниянын жетекчисине козголгон кылмыш ишинин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: