super.kg logo

SUPER TV: Жан дүйнө. "Жолдошум дубал сүздүрүп сабаса да унчуга албайм"

 

Сүйүү, күтүү, табышуу, ажырашуу, үй-бүлө, кайгы жана бакыт... Так ушул сезимдер, турмуштан алынган жүрөк сырлары SUPER TV'нын "Жан дүйнө" долбоорунда.

"Университетти аяктагандан кийин ата-энем куда түшүп келген коңшу айылдык бир жигитке турмушка узатып коюшту. Бөлөк үй, бөлөк адамдар. Жолдошум дагы чоочун. Ал үй-бүлөгө аралашып кетишим кыйын болду. Кайненем жакында эле көз жумган. Үйдө жолдошум жана кайнежем болуп жашайбыз. Мурда каардуу кайненеге туш келдим деп кейисем, эми кайнежемдин каары аныкынан да ашып өттү.

Бардык нерсеге кийлигише берет. Тамак жасасам "майлуу болуптур, этин көп кошуптурсуң" деп уруш чыгарат. Аны көргөн жолдошум "жадакалса тамак жасаганды билбейсиң" деп кол көтөрөт. Ал эч нерсе эмес, кээде мас болуп алып, болбогон нерсе үчүн чуу чыгарып, башымды дубалга сүздүрүп сабайт. Кайнежем бети-башым дайыма көгала болуп жүргөнүн көрсө да унчукпайт.

Өңүмдү күзгүдөн көрүп алып ыйлайм, ызаланам. Ага эч нерсе деп катуу айта албайм. Бирок төркүнүмө баргандан уялам. Ата-энемдин эл караган бетин жер караткандан корком..."

Окуяны толугу менен төмөндөгү видеоматериалдан көрүңүз.


кошулду





Жан дүйнө. "Жолдошум дубал сүздүрүп сабаса да унчуга албайм"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
23.11.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ата энени жер караткыдай сен жолдо денени сатып кок ала болуп токмок жеп аткан жоксун да. Эриндин андай айбан экенин сен дагы ата энен дагы билген эмессинер да. Ошондуктан ата энене айтып эртерээк жашоонду бир жолго салышын керек сен айтпасан алар кайдан билет сени кордоп жатканын. Ооруну жашырсан олум ашкере кылат дейт жашырып отуруп эгер майып болуп калсан ошондо коросун жашоонун тозогун эч кимге керегин жок болуп калат.
Asylai88 түзөттү 2018-11-23 21:12:16
SUPER.KG видео
23.11.2018. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УНчукпасаң демек ушундай жашоого макулсуң, өзүңдү ойлобойсуң, оюңду айта албайсың, майып болуп калууга макулсуң.....
Кеңешим: жашоо менен күрөш, өзүңдү барктабаган адамга убактыңды коротпо.
24.11.2018. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Unchykpasan meen jookda, taiak jep juro ber emi, emne deibiz bashka, anan bir kunu olturup tynat, oldondungo oz shoru, erin bashka aial alyp alat, eptep seni ozu ele olup kaldy kylyshyp , emi aita berse kop sozda nashet etoi temy, tyn bolboisunarby ozunor uchun kyzdar tokmok jep byryldabai, ketip kal poka olturo elekte , jer juzundo kuoondun uiunon bashka jer jok kalsa da sen uchun
Matahara1980 түзөттү 2018-11-24 03:09:23
24.11.2018. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aly jok aary jok kyz okshoit, atasynyn namysynan uyalgan bolup, maiyp bolup kalsan senin ech kimge keregin jok bolot, tak chto oilonboi turup ketip kal uiuno, olbostun kunu otot da, ajyrashkan jalgyz ele sen emessin, je ui jaidy eelep oturam desen otura ber, oorukchan bolup kalgychakty.
24.11.2018. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nora,tuptuura koshulam 100%%%
SUPER.KG видео
24.11.2018. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кенешим туну уктап атканда акырын оз буйумдарын чогултта Россияга качып кет. Пусть сени эч жерден таппай калсын эгер ата энендикине бара турган болсон артынан барат акырандап.
24.11.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле жолу кол которгон эркек соройдон тунулуш керек!Ал ээээч качан жыргатпайт.Ишенип кой...
24.11.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргызда макал барго "Теректин башы жон кыймылдабайт" деген, эркек жондон жон урбайт да, эгер иче турган болсо билбедим.
24.11.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайын эже же кайын синди менен жашоо келин учун абдан оор. Айрыкча инисинин же байкесинин уй булосуно аралашкан кыз же аял болсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: