super.kg logo
  Саясат  

Президент "Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду

 

Бүгүн, 12-июлда президент Алмазбек Атамбаев “2012-жылдын 11-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы реадмиссия жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, бул мыйзамды Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. Ага ылайык, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия тарапка Кыргызстан жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарганы жөнүндө кабарлоого тийиш. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: