super.kg logo

Тажикстандагы түрмөдө чыккан жаңжалдан кийин Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы отставкага кетти

 

Буга чейин 8-ноябрга караган түнү Тажикстандын Хожент шаарында жайгашкан түрмөдө жаңжал чыгып, 25 кылмышкер октон каза болуп, айрымдары качып кеткени айтылган. Окуядан кийин чет элдик ЖМКлар кагылышуу учурунда каза болгондордун сүрөтүн жарыялап, алардын саны 47ге жеткенин жазышкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Жазаларды аткаруу кызматынын башчысы Иззатулло Шарифзода кызматтан алынганын маалымдады. Өлкө президенти 23-ноябрда кол койгон жарлыкка ылайык, ал пенсияга чыкканына байланыштуу отставкага кеткен. Мындан тышкары Тажикстандын юстиция министринин орун басары да кызматынан кетти.

"Жазаларды аткаруу кызматынын башчылыгына өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы төрага орун басары Мансурджон Умаров дайындалды. Буга чейин тополоң чыккан абактын жети кызматкери, анын ичинде жетекчиси Файзулло Сафарзода менен режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров камакка алынган. Тополоң чыкканда Файзулло Сафарзода өлкөнүн Жазаларды аткаруу кызматына кабар бербестен, камактагыларды өз алдынча тынчытууга аракет кылгандыгын айрымдар айтышкан", - деп жазылат маалыматта.

Айта кетсек, түрмөдөгү тополоң үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчиликти алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: