"Асанбай" борбору: "Кезекте тургусу келбегендердин айынан кийим алуучу жайда баш аламандык чыккан"
Бишкектеги "Асанбай" борборунда 23-ноябрда орусиялык ырчылар, жаштар арасында Rauf and Fake деп таанылган бир туугандардын концерти болду. Концерт бүткөндөн кийинки көрүнүшкө көрүүчүлөр нааразы болушту. Экс-депутат Равшан Жээнбеков концерттен кийин көрүүчүлөрдүн кийимдерин ала албай жаткан учурдагы видеосун өзүнүн интернеттеги баракчасына жүктөп, миңге жакын өспүрүмдөр суукта үшүп калышканын билдирген.
Жогоруда аталган борбордон окуянын чоо-жайын төмөнкүчө түшүндүрүштү. "Көрүүчүлөрдүн кийимдерин ыргыткан эмеспиз. Концерт бүткөндөн кийин кээ бири кезек күткүсү келбей гардеробго кирип кийимдерин алып жатканда баш аламандык жаралды. Айрымдары эки-үчөөнүн кийимин алып башташкан. Бул боюнча биз териштирип жатабыз", - деп билдиришти "Асанбай" борборунан.
Бишкектеги концерттен кийинки көрүнүшкө көрүүчүлөр нааразы
				 
				 
				 
				
 0 
		
		
	
		
	
		
	1  | 							
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 













