super.kg logo

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына 25 метрлик балаты орнотулуп, аянттагы жасалгаларды камтыган композиция "Кышкы жомок" деп аталат

 

22-ноябрда башталган Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысын орнотуу иштери улантылууда. Шаардык мэриядан кабарлангандай, аянтка диаметри 12 метр, бийиктиги 25 метрди түзгөн балаты орнотулуп, ага 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутактар тагылат.

Балатыны жасалгалоо иштерин "Бишкек свет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары жүргүзүүдө. Балатыны 350 даана оюнчук, узундугу 4 миң 900 метр болгон дюралайт зымынан оймо-чиймелер, 240 метр түстүү жарык берген гирлянда, 240 метр болгон мишура кооздойт.

Борбор калааны Жаңы жыл майрамына жасалгалоонун концепциясы Бишкек шаардык архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан. Ал "Кышкы жомок" деп аталат.

"Ала-Тоо" аянтындагы фонтан тарапка "Муздан так" деп аталган инсталляция орнотулат. Ал тактын айланасына муз сыяктуу тоолор коюлуп, анда ак илбирс, элик, аркар жана бүркүттөр жүргөндөй жасалгалар коюлат. Аянт жана шаардагы бир катар жайлар майрамга карата кооздолот", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
24.11.2018. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ош күтүп турат бүтүшун. Бүтөрү менен андан узун орнотот жылдагыдай
24.11.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum, Оо Кудааай соз жок
24.11.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,ха ха сынго
26.11.2018. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AksyKum,негизи кыйынсынар))
24.11.2018. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшылар жасагыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: