super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарындагы эл аралык аэропортто 1 жаштагы инимдин жалаягын суук залда алмаштырууга аргасыз болдум" дейт окурман

 

"Мен ушул жылдын 21-ноябрь күнү Ош шаарынан Москва шаарына учкам. Өзүм менен чогуу бир жашар иним бар эле. Ош шаарындагы аэропортто иним жалаягын булгап койгондуктан, аны тазалоо үчүн эне-бала бөлмөсүн издеп таппай койдум", - деп окурман "Элдик кабарга" жазды.

Анын айтымында, аэропорттун кызматкерлеринен эне-балага арналган бөлмөнү сураштырып, бирок "андай бөлмө жок" деген жоопту уккан.

"Мындан улам элдер топтолуп отурган, суук залда инимдин жалаягын алмаштырууга аргасыз болдум. Алмаштырып жатсам мекеменин ичин жууп-тазалаган кызматкерлер келип "Залды сасытып жибердиңер" деп жемелеп кетишти. Менден башка дагы балалуу аялдар бар болчу. Алар да жүдөп жатканын көрдүм. Ушундай ири аэропортто эне-бала бөлмөсүнүн жок экенинен шегим бар, балким, мен жообун уккан кызматкерлер өздөрү анын бар экенин билбейт", - деп жазган ал өзүнүн билдирүүсүндө.

SUPER.KG порталы бул билдирүү боюнча тиешелүү тараптын маалыматын угуп, жарыялоого даяр.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
24.11.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажаткана жок бекен
24.11.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
senchi,1 жаштагы баланын жалаягын же памперсин ажатканага алып барып алмаштырабы ? Эгер андан да кичине болсочу... Ыйгайлуу бир жерге жаткырып алмаштырыш керек да. Аэропортто ошондой жер болушу шарт. Москвада коомдук жайларда бар го ошондой жерлер. Бизде бүт коомдук жайда ошондой шарт түзө албаса да эл аралык аэропортто болуш керек. Чет өлкөдөн ьалалуу аял учуп келбейт деп ким кепилдик берет. Биздикилер го эптешет, эптеп-септеп жашар келе жатабыз ансыз да.
24.11.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Докчул аял экен жакшыраак себеп таап алып анан док кылса болмок
24.11.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ай эжеке!
Ажаткана жакка барсаңыз ошол жакта бар эле атайын бөлмө. Билбей калган го. Республиканын ички каттамында учуп келүүчү сектор жакта. Башкалар билбесе билип алса болот.
24.11.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
mamashovich88,жууп-тазалаган кызматкерлер айтып койсо болмок
24.11.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аэропорт кызматкерлери ото орой мамиле кылышат элге
25.11.2018. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
BekAmir, мага попал болушпайт да, акелерин таанытат элем. Маскоодо "Вы" деп суйлошот а бизде "Эй", "Сен" деп суйлошот
24.11.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Оштун аэпорттунун еч еле стройкасы бутпойтго. Трансформерге окшоп озгоруп турат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: