super.kg logo

Англияда үйдөгү 2 ит жаңы төрөлгөн ымыркайга кол салып ал оор абалда. Иттер да, ата-энеси да камакка алынды

 
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, англиялык 31 жаштагы Ден Макналти балалуу болор алдында коңшулары ал багып жүргөн тукумдагы (стаффордширский бультерьер) ит бала үчүн кооптуу экенин бир нече жолу эскертишкен. Бирок иттердин кожоюнуна алардын бул кеңеши жакпай: "Иттер да биздин балдарыбыз" деп ачуулуу жооп берген.
Көп өтпөй, 18-ноябрда анын үй-бүлөсүндө кайгылуу окуя орун алды. Иттер Макналтинин али 1 ай боло элек ымыркайына кол салып, бала оор абалда ооруканага түшкөн.
"Анын аялы Эми кош бойлуу кезинде мен Денден "Бала төрөлсө иттериңди эмне кыласың?" деп сурасам, ачуусу келген тейде "алар да биздин балдар" деп жооп берген", - деген коңшуларынын бири.
Ымыркайдын чоң атасы бул кырдаалды түшүндүрө алгыс жаман окуя деп атап, буга чейин иттер бир да жолу адамга кол салбаганын айткан. Ошондой эле ал бул жерде ымыркайдын ата-энесинин күнөөсү жок экенин, алар учурда баласынын өмүрүнөн кам санап жатышканын билдирген.
Ал эми баланын апасы баары бир иттерди жаман көрбөстүгү айтылат маалыматта. Эки ит жана балага жетиштүү кароо болбогондугу үчүн ата-энеси камакка алынып, кийин аялы менен күйөөсү үй камагына чыгарылган. Учурда дарыгерлер баланын өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп жатканы менен анын абалы оор бойдон калууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
25.11.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Байкуш бала. Иттерди жоготкулары келбесе, ошол эки итти бала кылып алышсын. Дагы балалуу болушса дагы кол салат, кызганган го хозяиндерин
25.11.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аянычтуу ото.
25.11.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Көк мээ
25.11.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мурун кийин алардын жашоосунда кичинекей бала болбогондуктан иттер айбандык инстинкт менен тиштеши мумкун экендигин эске алышса болмок.
Уйдун ичине ИТ багып, ещё алар да биздин балабыз деп койгонуна куйосун.
Ымыркай жакшы болуп кетсин!
26.11.2018. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман иш болуптур иттер кызганган го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: