super.kg logo
  Саясат  

Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти

 
Сооронбай Жээнбеков
Алексей Василивецкий

2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетти. Бул тууралуу ал өзү социалдык баракчасы аркылуу билдирүү жасады. Анда Василивецкий өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди.

"Бул иш үчүн акы алганым чын. Акыркы мезгилде аңдуулар жана кооптуу билдирүүлөр болуп жатат. Тааныштарым аркылуу “маңзат салып коюшат экен” деп айттырып жатышат. Өлкөдөн кетип, бул жактагы саясий кырдаалды сырттан байкап турууну чечтим", - дейт Василивецкий.

Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын (ред. файлда Василивецкий Алексей + Смета АВ) берилгенин 24.кг маалымат агенттиги жазды. Анын ичинен Алексей Василивецкийдин өзүнүн аты-жөнүнө 1 миллион 147 миң 238 сом алганы жазылган.

Президенттик аппараттын өкүлү Толгонай Стамалиева Токтакунов жарыялаган документти жалган маалымат деп атап, андай маалыматтар боюнча комментарий берүүнүн кажети жок деген.


кошулду





"Кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: