super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Баткенде өрүк как кантип даярдаларын көрдүңүз беле?

 
Өрүктү узун таяктын жардамы менен минтип кагып жерге түшүрүшөт
Бышкан өрүктөр жерге күбүлүүдө
Өрүк жерге түшүп жарылып кетпеши үчүн минтип жумшак кездеменин үстөнө күбүлөт
Бышкан өрүктөр
Бышкан өрүктөр
Жерге түшкөн өрүктөрдү көптөп теришет
Күбүлгөн өрүктү терүү учуру
Өрүк жерге түшүп жарылып кетпеши үчүн минтип жумшак кездеменин үстөнө күбүлөт
Өрүк терүүдө жаш балдар чоң ишке жарайт
Кукүрт менен ыштоо үчүн дымдалып коюлган өрүктөр
Жашиктерди төрт бурчтук кылып тизип ортосуна күкүрттү түтөтүп коюп, андан клеенка менен оролот
Өрүктү ыштоочу күкүрт
Кукүрт менен ыштоо үчүн дымдалып коюлган өрүктөр
Өрүктү ыштоочу күкүрткө чок салынган учур
Ышталууга даярдалган өрүктөр
Ышталган өрүк минтип таштын же клеенканын, камыштын үстүнө жайылат
Ышталган өрүк минтип таштын же клеенканын, камыштын үстүнө жайылат
Бул жерден ышталаган өрүктүн бир нече турүн көрүүгө болот
Бул жерден ышталаган өрүктүн бир нече турүн көрүүгө болот
Ышталган өрүк жайылган аянттын көлөмү улам кеңейе берет
Ышталган өрүктү минтип бирден тизип таштын үстүнө жайышат
Ышталган өрүктү минтип бирден тизип таштын үстүнө жайышат
Күкүрт менен ышталган өрүктүн өңү
Күкүрт менен ышталган өрүк күнгө какталып жаткан учур
Күкүрт менен ышталган өрүк күнгө какталып жаткан учур
Өрүктөр жайылып бүткөн соң шире болгон жашиктер сууга жуулат
Өрүктөр жайылып бүткөн соң шире болгон жашиктер сууга жуулат
Ышталган өрүк күнгө какталып суусу азайгандан соң анын ичинен сөөгү (данеги) чыгарылып атайын тактайга ушинтип тизилет
Жашоочулардын өрүк багы көп болсо бактардын арасына минтип баш паанек куруп алып жашап, иштешет
Ышталган өрүк күнгө какталып суусу азайгандан соң анын ичинен сөөгү (данеги) чыгарылып атайын тактайга ушинтип тизилет
Өрүктү данегинен ажыратуу
Данегинен ажыратылган өрүктөр атайын тактай бетине минтип бирден тизилет
Данегинен ажыратылган өрүктөр атайын тактай бетине минтип бирден тизилет
Даяр болгон өрүк как
Баткен өрүк кагы, анын көрүнүшү жана даамы көпчүлүккө белгилүү. Бирок анын кургатылышын баары эле биле бербейт. Учурда баткендиктер өрүк кургатуу менен алек. Ар бир үйдүн короосунан эң аз дегенде 10-15 түп өрүк багын көрүүгө болот. Баткенде өрүк кантип кургатылары тууралуу Баткен шаарынын тургуну Максатбек Таиров буларды айтып берди: “Өрүктү кургатуунун 2 түрү бар. Биринчиси - табигый жол менен кургатуу, экинчиси - күкүрт (SO,2) менен ыштап кургатуу. Табигый жол менен кургатууда өрүктү терип алып, аны кырманга жайып коюу жетиштүү. Ал эми күкүрт менен ыштап кургатууда өрүк салынган жашиктерди тегиз жерге төрт бурчтук формасында ортосуна боштук калтырып биринин үстүнө экинчисин коюп тизебиз. Бош калтырылган орунга күкүрттү темир идишке салып, аны күйгүзүп түтөтүү керек. Анан жашиктердин үстүн клеёнка менен ороп, ышталган өрүк 10-12 саат дымдалып турат. Андан соң оролгон өрүктү ачып, атайын таштан, целлофандан, камыштан жасалган орундарга жаябыз. 1000 килограмм өрүккө 1-2 килограмм күкүрт жетет. Ышталган өрүк күнгө жайылып, кичине суусу кургаганда өрүктүн ичинен данегин чыгарып, аны атайын даярдалган тактайларга тизип күнгө коёбуз. Данексиз өрүк как эл арасында баргек, кайса, сыкма деп аталат. Данектери жуулуп, күнгө жайылып кургатылат. Күкүрт менен ышталган өрүктүн данегин чыгарбай кургатса деле болот”.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: