super.kg logo

Өлкөнүн унаа жолдорундагы кырдаал боюнча кеңешме өттү

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кардын калың жаашына жана абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу республиканын унаа жолдорундагы кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө премьер-министр белгилегендей, унаа жолдорунда, айрыкча ашуу тилкелеринде түзүлгөн кырдаал мамлекеттик органдардан ыкчам чараларды талап кылат.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калиловдун маалыматы боюнча, бийик тоолуу тилкелерде катуу жааган кардын калыңдыгы 30 сантиметрден 60 сантиметрге чейин жетип, бул бардык тартылган жол кызматтарынын аракеттерине карабастан, белгилүү бир кыйынчылыктарга алып келген.

"Кардын жаашы жана атайын техниканын айрым жетишсиздиги жол бетин тазалоо жана себүү иштерин бардык тилкелерде тийиштүү түрдө жүргүзүүгө жолтоо болууда. Бирок жолчулар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте жер-жерлерде унаа жолдорун тейлөө боюнча гана эмес, жол кыймылын жөнгө салуу жана айдоочуларга жардам берүү иштерин дагы аткарышууда", - дейт Калилов.

Өкмөт башчы жолчулардын унаа жолдорунун негизги кыймыл тилкелериндеги аракеттерин жетишсиз катары эсептеди. Ал жер-жерлерде бардык кызматтардын ишин активдештирүүнү тапшырды.

Ошондой эле Абылгазиев Каржы министрлигине унаа жолдорун тейлөө боюнча комплекстүү иш-чараларды каржылоонун бардык маселелерин чечүүнү милдеттендирди. Мындан тышкары премьер-министр жолдордун негизги тилкелеринде жол бетин натыйжалуу тазалоо үчүн техниканы сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: