super.kg logo
  Спорт  

Бүгүн Бишкекте Каныбек Осмоналиевдин байгелерине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш башталат

 

Бүгүн, 26-ноябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Каныбек Осмоналиевдин байгелерине арналган оор атлетика боюнча эл аралык мелдеш старт алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган мелдешке Орто Азиядан, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн спортчулар келип катышып, байгелер үчүн күч сынашат. Эркектер арасындагы мелдеш үчүн спортчулар салмак боюнча 8 категорияга, ал эми кыз-келиндер 7 категорияга бөлүнгөн.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 10:00дө башталып, саат 17:30да мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи орун алат.

2017-жылы өткөрүлгөн мелдештин сүрөттөрүн бул шилтемеден жана мелдештин жыйынтыгын бул шилтемеден окуй аласыздар.

Каныбек Осмоналиев оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону. 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада чемпион болгон. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: