super.kg logo

Баткенде прокурордун өлүмүнө шектелип кармалган чиновниктин жакындары митингге чыгышты

 

Бүгүн, 26-ноябрда Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган чиновник Мелис Калыковдун жакындары митингге чыгышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Калыковдун эжеси Дариха Калыкова кабарлады. Анын айтымында, митингге чыккандар Мамажакыпов жана Калыков менен бирге аңчылыкка чыккан прокурорлорго да чара көрүлүүсүн талап кылышууда.

"Азыр Калыковдун жакындары облустук администрациянын алдына чогулдук. Биз иштин акыйкат тергелишин, алар менен аңчылыкка бирге чыккан облустук прокуратуранын кызмат адамдарына да чара көрүлүшүн талап кылып жатабыз. Анткени иним Калыковду кызмат абалынан пайдаланып аңчылыкка алып кетишкен жана тыюу салынган аймакка аңчылыкка чыгып, кызматтык унааны жеке максаттарына пайдаланышкан. Мындан тышкары, кылмыштын алдын алуу аракетин көрүшкөн эмес. Алардын мындай аракетине карата эч кандай кылмыш иши ачылган жок. Эмне үчүн прокурорлорго чара көрүлбөшү керек? Алар дагы суралып, камакка алынышын талап кылабыз", - деди Калыкова.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Мамажакыповдун унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынан, жансыз денеси эртеси шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.

Окуядан кийин башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов облуска барып, Мамажакыповдун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан териштирүү иштерине байланыштуу облус прокурорунун 2 орун басары, 2 бөлүм башчысы жана Баткен райондук прокурорун убактылуу жумушунан алган.

Буга чейин маалым болгондой, Мамажакыпов, Калыков облустагы прокуратуранын 4 кызмат адамы менен 17-ноябрь күнү аңчылыкка чыгышканы кабарланган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.11.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура, эмне учун алар камалбайт, бардык чирик ошолордо. Арак ичпеген адам экен а тиги прокурорлор бир нерсе ичирип койгондур да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-11-26 15:31:18
27.11.2018. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолор коп экен. Истинага жетиш кыйын го
27.11.2018. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mars575, эн тура. Булардын даны куноосу болушу керек. Себеби, Бир канча дыл мурда булар бирге иштегенди подстава кылып каматып жиберишкен. Прокуратура имаратыны болунгон акчаны жеп алышып, документке кол кой десе, койбосо, кабинетине акча таштап подстава кылган!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: