super.kg logo

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Чарба иштери начар жүрүп жатат. Жакырчылыктан качан чыгабыз?"

 

Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргыз мамлекетинде канча адам жакырчылыкта жашап жатканын, 2019-жылы канча пайызын бул көрсөткүчтөн чыгаруу пландалганын сурады.

"Чарба иштери абдан начар жүргүзүлүп жатат. Учурда өлкөдө канча адам жакырчылыкта жашап жатат жана алардын саны кийинки жылы азаябы?" - деп сурады депутат өкмөт мүчөлөрүнөн.

Каржы министри Адылбек Касымалиев бул тууралуу так маалымат жанында жок экенин айтып, кат түрүндө маалымат берүүнү суранды.

Мындан тышкары Зулпукаров эң аз айлык алган жумушчулардын эмгек акысы качан көтөрүлөрүнө кызыкты.

"Аз айлык алгандардын катарында кароолчулар 2500-3000 сом, сантехниктердики 3000 сом, жүк ташуучу айдоочулардын айлыгы 4 миң 200 сом болчу. Учурда булардын айлыгын эки эсеге көбөйтүп жатабыз", - деди Касымалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
26.11.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобойткондо деле 5-6минге бир үй-бүлө бир ай кантип жашайт
26.11.2018. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chykpaibyz Ech kachan, silerdei jeputtatdar turganda, kaidan chygabyz jakyrchylyktan
26.11.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир суроо берсе эле тактап берейин,кат турундо берейин,маалыматым жок экен-деп эле тажатты ушул окмоттогулор.Эл менен аралашпаса,кызыгып бир нерсени сурап билбесе,жон эле талпайып жылуу жерде креслодо отурса кайдан билмек эле булар ,...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: