Депутат Жогорку Кеңештин комитети фитосанитардык көзөмөлдүн абалы тууралуу маселени эмне үчүн жабык карап жатканын айтты
Бүгүн, 26-ноябрда парламент комитетинде ЕАЭБ боюнча милдеттенмелердин аткарылышы алкагында фитосанитардык көзөмөлдүн абалы жөнүндө маселе жабык каралууда.
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Алмасбек Акматов SUPER.KG порталына билдиргендей, мамлекеттин коопсуздугу үчүн бул маселе жабык эшик артында каралып жатат.
Учурда жыйын уланууда. Баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жасап жатат.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

