КҮНСОБОЛ: Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?
Эки апта мурун адвокат Нурбек Токтакунов 2017-жылкы президенттик шайлоодо талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоо кампаниясына расмий суммадан 10 эсе көп, башкача айтканда, 1,7 миллиард сомдун тегерегинде акча жумшаган делген файлды жарыялаган эле. "Кара кассадагы" маалыматка ылайык, 2010-жылдан тарта КСДПнын саясий технологу болуп келе жаткан Алексей Василивецкийге жалпысынан 12 миллион сомго жакын сом акча берилген.
Василивецкий өмүрүнөн кооптонуп Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткенин жарыялады. Ал билдирүү жасап, өзү Орусиянын жараны экенин айтып, мындан улам президенттик шайлоодо үгүт иштерине катышпаганын, бирок талапкер Сооронбай Жээнбековго кеңешчи болуп иштегенин билдирди. Буга чейин Алмазбек Атамбаев да "штабдын эсепчиси эмгек өргүүсүнө чыгып, башка өлкөгө кетип калды, азыр өзүнүн өмүрү үчүн кооптонуп жатат" деген эле.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Токтакунов жарыялаган "кара кассанын" дагы бир күбөсү өмүрүнөн кооптонуп өлкөдөн чыгып кетти. Эми "кара кассанын" окуясы кандай өнүгүшү мүмкүн?" деп собол салды.
БЕКЕШЕВ: “Токтакунов жарыялаган документ менен таанышып чыктым. Чын эле мындай иш-чаралар болгон”
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутаты Дастан Бекешев аталган маселенин айланасында саясий күрөш жүрүп жатканын айтты.
“Токтакунов жарыялаган документте кол болсо, чындык деп айтсак болмок. Азыркы учурда мындай документти баары эле жасап алат. Мен да документ менен таанышып чыктым. Андагы иш-чаралар чынында эле болгон. Эсепчинин документинде "акчаны алып кетти" деген жерине кол коюлушу керек болчу. Кол жок болгону үчүн документ да юридикалык күчкө ээ эмес. Менимче, Токтакунов кол коюлган документтерди чыгарышы керек. Ал өзү да юрист, муну түшүнөт. Бул документ жалган болуп чыкса, Токтакунов өзү жазага тартылышы мүмкүн. Документти ага берген киши дагы соттолушу мүмкүн. Маалыматты чыгарганга жараша далилдеп бериши керек. Балким, чын эле мындай маалыматтар бардыр. Ал эми Фарид Ниязовдун документтерди “чындык” дегени башка маселе. Бул жерде саясий күрөш болуп жатат”, - деди Бекешев.
САСЫКБАЕВА: "Василивецкийдин видеосу "кара касса" чын экенине далил боло алат"
Экс-депутат Асия Сасыкбаева Алексей Василивецкийдин өлкөдөн чыгып кетиши тергөө органдарына көрсөтүлгөн жардам деген пикирин айтты.
"Тергөө органдарына эми "кара кассадагы" бардык адамдарды таап, ким канча алганын, кайсы жактан алганын, жалпысынан канча акча кеткенин аныктоо жеңилирээк болот. Анткени Алексей Василивецкийдин акча алганы көп нерсеге жооп берет жана тизме чын экенине далил боло алат. Василивецкий өзү күбө катары көп нерселерге жооп бериши мүмкүн. Анын видеосу да далил боло алат. Укук коргоо органдары тарабынан "кара касса" боюнча же сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат же аны иликтегенге эрк жетпей жатат. Мындай учурда Башкы прокуратура биринчилерден болуп реакция кылышы керек эле, андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы, УКМК да реакция жасашы керек болчу, бирок бүгүнкү күнгө чейин унчукпай келет. Бул жерде мыйзам бузулганы көрүнүп турат", - деди Сасыкбаева.
БӨРҮБАШЕВ: “Кара касса” окуясына чекит коюлбаса, коомчулукта өйдө-төмөн суроолор боло берет”
Коомдук ишмер, юридикалык илимдердин доктору Бекбосун Бөрүбашев укук коргоо органдары “кара кассага” байланыштуу окуяны колго алышы керектигин баса белгиледи.
“Мында мыйзам бузулуп жатпайбы. Кыргызда прокуратура, милиция, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бар. Алар иликтеп, карап чыгышы керек. “Кара кассага” байланыштуу окуяга чекит коюлбаса, коомчулукта өйдө-төмөн суроолор боло берет. Укук коргоо органдарынын “кара кассага” байланыштуу үн катпаганынын эки жагы бар. Объективдүү жагы - укук коргоо органдары маалыматты тактап аныктап жатканда тергөөнүн купуя сырын ачпашы керек. Субъективдүү жагы - эч качан укук коргоо органдары азыркы бийликти чукубайт. Укук коргоо органдарынын тагдыры азыркы бийликти колунда”, - деди Бөрүбашев.
кошулду





