super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыя шаарындагы төрөтканада ар бир келинден 200 сомдон чогултулат. Ансыз төрөтканадан чыгаруу кагазын жазып беришпейт" дейт окурман

 

Кызыл-Кыя шаарындагы төрөтканада төрөп жаткан аялдардан милдеттүү түрдө 200 сомдон чогултуп алышат. Ансыз төрөтканадан чыгаруу кагазын жазып беришпейт. Мындай маалыматты келинчеги көз жарып төрөтканага кайрылган окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдири.

"22-ноябрда келинчегим толготуп, Кызыл-Кыя шаарындагы төрөтканага барды. 24-ноябрда жумуштарым менен бошобой калып, төрөтканадан чыгарып кетүүгө шартым болбой калды. Келинчегимди ооруканадан чыгарып жатып төрөтканадан чыккандыгын тастыктаган маалым катты 200 сом берип анан аласың деп жазып бербей коюптур. Анын жанында акчасы жок болчу. 200 сомду көтөрүп алып маалым катты алганы бардым. Эмнеге 200 сомдон чогултуп жатасыңар? Мага түшүндүрүп бергиле, жок дегенде акча төлөнгөнүн тастыктаган дүмүрчөк бергиле дедим. Алар "төрөткананын жетекчисинен милдеттүү түрдө ар бир чыгарылып жаткан келинден 200 сомдон алып, анан чыгаргыла деген тапшырма келген, өзүнчө акылдуу боло бербей, акчаңды төлө" деп мага кайра каяша айтты. Колума дүмүрчөк да берген жок", - дейт окурман.

Бул тууралуу тиешелүү министрликтин жообун кийинки кабарлардан окуй аласыздар.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Кызыл-Кыянын төрөтканасында акча бербесең "выписка" жазып бербейби?

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
26.11.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Подавитесь 200сомго, дээги баары эле бер дейт, ал деген эч ким жок
26.11.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде деле созсуз 100с бер дейт анан жазып берет торотко катышкан ар бирине чвгарда 200-300 чонтогуно салбасан кол коюшпайт мен баландын детский врачымын мен сестрасы девеле кобойуп кетишет. Эй кимиси болсонда мамлекеттик жай мамлекет толоп атпайбы айлык.200-300 кээ бирлер учун эчтеке эмес а ошого зар болгондор да барда..
26.11.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкектеги 2чи роддомдода ала мен берип эле чыккам.алга 100сом булга 100с роддомго таштап кетчу акча 200с таштап кеткиле деп туруп алат жазбай.старшый акушер педиатр деп иши кылып 100сдон алып атып менден 2000с алып койгон операциядан сырткары эле.суйунгонумдон кызым денсоолукта аман болсун деп эле берип кете бергем.
26.11.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыз эптеп бир жерге орношсо эле болду,кантип сол жактан акча тапканга аракет кылат.Илимий ачылыш арды коп кылбаган кыргыз,женил акчаны кантип табыш деген суроого любой жерден жооп да шарт да табат.Кайда барба,иштеген кыргызга акча бермейин,ишин бутпойт.Тан калам,эмнеге акчадан ойдо боло албайбыз.
26.11.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чогултканы 100с, торотконго 1000 алышты анан чыгарда торттун акчасын эле алып келишсин а торт кобоюп кетти дейтго. Көк-жангак шаарында
Медиа-портал
26.11.2018. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто деле ошондой,...Керек болсо Кыргызстан боюнча ошондой болсо керек
Медиа-портал
26.11.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп соз айткым келди унчукпоо маанилуудой хе хе))). Тийешелуу тараптап жообун кутобуз эми
Медиа-портал
26.11.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол учурда менда аялымды чыгарып жатат элем гражданин россия болчу аялым 1679 сом толоп эле чыктым
Медиа-портал
27.11.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде азыр кирген жерине бересин ел озгорсо мамлекет озгорот дейт бирок мен башкача ойлойм.мамлекет озгоруш керек биринчи акча взятка алгандарга жаза
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: