super.kg logo

АКШда кулагы укпаган адамга териси аркылуу музыка угууга мүмкүнчүлүк берген жабдык пайда болду

 
АКШлык Not Impossible labs стартаптын адистери тери аркылуу ар кандай добуштарды жана музыканы угууга мүмкүнчүлүк берген жабдыктарды көрсөтүштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка таянсак, адистер адам териси музыканы кабыл алууга жөндөмдүү экенин аныкташкан. Эгерде адамдын билегине атайын билериктерди тагып аны артына бекитилген жабдыкка туташтырса үндөрдү угууга мүмкүн болот.
Атайын жабдыктын жардамы менен кулагы укпаган жана сүйлөй албаган адамдар добуштарды сезип, музыканы кабыл ала алат. Адистер аталган жабдыкты кулагы уккан жана музыканы сүйгөн адамдарга деле жаңы сезимдерди сезип көрүү үчүн сунушташат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: