super.kg logo

Депутат Сулайманов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү үчүн кандай иштер жүрүп жатканын сурады

 

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кам көрүү үчүн кандай иштер жүрүп жатканын сурады.

Депутат билдиргендей, акыркы мезгилде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 30 миңге көбөйгөн. “Негизи социалдык камсыздоо ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга көп багытталышы керек. Мурдагы СССРдин убагындай эле иш жүрүп жатат. Сиз эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри болуп келдиңиз эл жаңы көз караштарды күтүп жатат. Кандай иштерди жүргүзөсүздөр?” - деп эл өкүлү Сулайманов министр Улукбек Кочкоровдон сурады.

Кочкоров: “Тилекке каршы, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны өсүп жатат. Балага жакшы кам көрсө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин саны аз болот. Ошондуктан 3 жашка чейинки балага жөлөк пулду берсек жакшы тамактанат эле”, - деди.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйыны уланууда. Анда "Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алынган жана 2011-жылдын 21-сентябрында кол коюлган Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун конвенциясын ратификациялоо тууралуу" мыйзам долбоору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: