super.kg logo

Айдын башынан бери доллардын куну дээрлик 58 тыйынга жогоруласа, евро 1 сомго арзандады

 

Ноябрь айынын башынан бери доллардын куну 58 тыйынга жогоруласа, евронун баасы 1 сомго төмөндөдү.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, АКШ долларынын баасы 27-ноябрга карата 69 сом 85 тыйынды түзөт. Акыркы 4 күндөн бери доллардын баасы өзгөрүүсүз калууда. Ушул эле көрсөткүч 1-ноябрда 69 сом 27 тыйынга барабар болчу.

Акыркы күндөрдөгү валюта рыногундагы туруктуулук еврого да тиешелүү. Евронун бүгүнкү күндөгү куну 79 сом 43 тыйынды түзүп, 0,03 пайызга гана арзандаган. Буга чейинки 3 күн катары менен евронун баасы 79 сом 45 тыйынды түзгөн. Бул көрсөткүч айдын башында 80 сом 44 тыйынга барабар эле.

Ал эми бүгүнкү күнгө карата 1 рубль 1 сом 5 тыйынга барабар болсо, теңге 18 тыйынга барабар. Орус акча бирдиги 1,26 пайызга, казак теңгеси 1,1 пайызга кунун жоготкон.

Бишкектин коммерциялык банктарында 1 доллардын баасы сатып алуу үчүн 69 сом 90 тыйындан 69 сом 85 тыйынга чейин болсо, сатуу үчүн 69 сом 79 тыйындан 69 сом 90 тыйынга чейин жетет.

Евронун орточо баасы сатып алуу үчүн 79 сом 78 тыйын, сатуу үчүн 78 сом 85 тыйынга барабар.

Орус рублу сатып алуу үчүн 1,052 сом, сатуу үчүн 1,038 сом, казак теңгеси сатып алуу үчүн 19 тыйын, сатуу үчүн 18 тыйынды түзөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: