super.kg logo

Депутаттар айрым мамлекеттердин жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү колдоду

 

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында каралды.

Аталган мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешев чет мамлекеттерден өлкөгө көптөгөн жарандар келип жатканын айтып, 60 күндүк визасыз режимди киргизүүнү сунуштады.

"Аймактардан бери үйлөрүн туристтерди кабыл алганга ылайыктап, шарттарын түзүп алгандар көп экен. Сырттан келген жарандарга 60 күндүк визасыз режимди киргизип берсек туристтердин саны көбөйүп, өлкө бюджетине каражат түшөт. Алты жыл ичиндеги 60 күндүк визасыз режим жакшы жыйынтык берди. Бирок ошол эле учурда УКМК каршы болгон. Аталган мыйзамдын убактысы 2020-жылдын 31-декабрында бүтөт. Менин сунушум визасыз режим мөөнөтсүз болсун" - деди депутат.

Бекешев азыркы учурда Кыргыз өлкөсү 45 мамлекетке бир тараптуу визасыз режимди киргизген. Ал эми Грузия 90 мамлекетке визасыз режим киргизип, өнүгүү жолунда экенин кошумчалады.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев бул демилгени колдоп берүү керектигин билдирди.

Жыйынтыгында 2030-жылга чейин айрым мамлекеттин жарандарына 60 күнгө чейин визасыз режимди киргизүүнү парламенттик комитет колдоду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.11.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекеттин онугусу визага тиешеси жок,ал качан коррупция азайганда онугот. Баарына безвизовый кылып койсонда онукбойт егер охраникден президентке чейин коррупция болуп жатса
27.11.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булар Кытайларга шарт тузуп жатат. Оозуна чейин акчаны тыкканда Кытайлар. Ылайым ушул жеп жутар депутаттар....
27.11.2018. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Туура кылыптыр бизге канчалык турист көп болсо ошончолук мамлекеттин эконимикасы алдыга жылат.
27.11.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
туризмди өнүктүрүү үчүн туристерге болушунча жеңиликтерди берүү зарыл. туризм тармагы кыргызстандын экономикасындагы кирешелүү тармак.
27.11.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туризмди шылтоо кылбагыла. Туристтер келсе да, келбесе да туризм тармагынан казынага кыйратып акча тушпойт. Пансионат, санаторийлердин 90%ти бизнесмен-олигархтардыкы. Алар жыл сонунда биртке эле киреше кордук деп казынага арзыбаган салык толойт, бул турган нерсе.

Анан каяктагы жомокторду айтканды токтоткула...

Кайра виза женилдиктерин жою керек.
27.11.2018. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кайсы мамлекеттин жарандары учун тактап койбойсуздарбы?
27.11.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрым мамлекетиңер Кытай да. Ачыгын эч качан айта албайсыңар алкымы бузук чиновниктер!!! Өзбекстан менен да айрым жерлерде чекараны тактадык дедиңер эле, кана ошол жерлерди да так айта албадыңар го!!! Элди алдаган касамкорлор жарытпайсыңар! Өзүңөр иштей албайсыңар, иштей турган адамдарды көралбайсыңар, түрмөгө тыгып, куугунтуктап жоготосуңар, оңбогурлар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: