super.kg logo
  Саясат  

Турсунбек Акун: "Мындай курултай 1990-жылы гана болгон"

 

Бишкекте коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрдүн курултайынын катышуучулары болуп өткөн курултайдын жыйынтыктары тууралуу маалымат жыйын берип жатышат. Маалымат жыйынга Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев, Азимбек Бекназаров, Турсунбек Акун, Айбек Бузурманкулов катышууда.

Анын жүрүшүндө Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, "Биз Жээнбеков тарапка өттүк деп чечтик" деп билдирген. Каптагаев болсо Атамбаев бийликти узурпациялап алганын, эми азыркы бийликтен жаңы ажыдаардын чыгышына жол берилбеши керектигин айтты.

Ал эми Турсунбек Акун буларга токтолду: "Президент келип берсин деп Досалы Эсеналиевге кирдим. Ал карап көрөлү деди. Жок дегенде өзүңүз келиңиз десем биринчи орун басарын жөнөттү. Ал болсо аягына чейин отурду. Мындай курултай 1990-жылы өткөн. Ошондой дух мына 28 жылда кайталанды. Курултай өзүнүн максатына жетти", - деди.

Айбек Бузурманкулов: "Атамбаевдин жана азыркы бийликтин күчөшүнө Жогорку Кеңештин салымы чоң. Алар буга чейин "Кумтөр", соттолгон саясатчылар сыяктуу маселелерди көтөрүп чыкпаганы үчүн биз айтып жатабыз. Жогорку Кеңеш президенттин кол баласына айланып калды. Парламентке талаптар коюлду", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: