super.kg logo

Чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган 9 жаштагы Малика менталдык арифметика боюнча Түркияда өткөн эл аралык сынактан жеңип алды

 

Нарын облусунун Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектептин 3-классынын окуучусу Малика Таалайбекова менталдык арифметика боюнча өткөн эл аралык сынактан 1-орунду ээледи. Бул тууралуу SUPER.KG порталына чоң атасы Таалайбек Кулманбетов маалымат берди.

Айтымында, Малика Түркияда 10 өлкөдөн 180 катышуучу барган олимпиададан "Супер чемпион" болгон.

"Малика 5 айынан бери биздин, чоң ата, чоң энесинин колунда чоңойду. Мен кесибим боюнча финансистмин, атасы да финансист. Мындан улам анын так эсептерге жөндөмү бар, дээринен эле зирек.

Менталдык арифметика боюнча бүткүл дүйнөлүк ассоциациясы уюштурган олимпиада 24-ноябрда башталган. Неберемдин жеңишин угуп чоң энеси экөөбүз жетине албай кубанып жатабыз", - деди Кулманбетов.

Белгилүү болгондой, Маликанын ата-энеси Орусияда иштейт. Алар кызы менен Түркияга чогуу барышкан, эртең учуп келишет.

"Кызыбызды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Мектепте жалаң жакшы бааларга окуйт. Келечекте врач болом дейт", - деп кошумчалады чоң атасы.

Маалымат үчүн: Менталдык арифметика — бул оозеки эсептөө системасынын негизинде түзүлгөн инновациялык, жогорку эффективдүү интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрдү жогорулатуучу окутуу ыкмасы.

Адамдын баш мээси оң жана сол жарым шарлардан (бөлүк) турат. Мээнин оң бөлүгү логикалык ойлонуу үчүн жооп берсе, сол бөлүгү чыгармачыл ойлонууга түртөт. Мээнин эки бөлүгү тең бирдей иштеп турган чакта адамдын акыл-эс жөндөмү укмуштуудай көрсөткүчтөргө жетет деп айтылып келет. Андыктан мээнин эки бөлүгүн тең иштетүү үчүн менталдык арифметика дагы колдонулуп келет.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
27.11.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келечеги кенен кыз болсун!
27.11.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсың !!!
27.11.2018. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өркүнүң өсө берсин,дагы дагы көп ийгиликтерди багындыра бергин.өмүрүң узун болсун ден соолукта бол!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: