super.kg logo

Депутат Карамат Орозова кургак учук оорусу аппараты жок кантип аныктала турганын сурады

 

"Кургак учук оорусун аппараты жок кантип аныктайт?" деп депутат Карамат Орозова бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук кеңеши боюнча комитетинин жыйынында сурады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкө боюнча рентген аппараттары 17 аймактык ооруканада иштебей турганын айтты.

"Рентген аппараттарынын баары СССРдин учурунда алынган. Аппараттарды алуу үчүн эл аралык уюмдар аркылуу аймактык ооруканаларга керектүү жабдууларды алалы деп жатабыз. Ал эми өзүбүз алууга бюджеттин мүмкүнчүлүгү жок", - деди Каратаев.

Мындан тышкары Карамат Орозова Баткен облусунан гемодиализ алуу үчүн Бишкекке келген жарандар кыйналып жатканын кошумчалады.

"Баткенден Бишкекке гемодиализ алабыз деп батирлерде жашап жаткан жарандар бар экен. Ижарага батир алып жашагандардын күнү оор болуп жатат. "Аймактарды өнүктүрүү" жылы деп жарыяланды. Эмне үчүн аймактардагы ушундай маселелерди чечпей жатасыңыр?" - деди депутат.

Мадамин Каратаев Кызыл-Кыяда гемодиализ борбору ачылганын, жакын арада Баткенде ишке кире турганын билдирди.

"Бишкекте эки күн мурда 9 адам гемодиализ алды. Учурда 81 адам калды. Кээ бир гемодиализ борборлору үч нөөмөт менен иштеп жатат. Төртүнчүсүн кошууга мүмкүн эмес", - дейт Мадамин Каратаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: