super.kg logo

Статистика комитетинин төрагасы: "Маалыматтарды баарына таратып жибергенде мыйзамдын күчү жок болуп калат"

 

Бүгүн, 27-ноябрда парламенттеги комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна 2025-жылга чейин юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин статистикалык маалыматы берилбей жатканы тууралуу суроо салды.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султановдун айтымында, мурдагы мыйзамда административдик расмий маалыматтар ачык түрдө берилген. Ал эми баарына таратып чыгарып жибергенде мыйзамдын күчү жок болуп калат.

"Мурда эч кандай купуя сакталбай эле маалыматтар баарына берилчү. Эми расмий кат менен кайрылгандарга гана юридикалык жана жеке ишкерлердин статистикалык маалыматы берилет", - дейт Султанов.

Депутат Дастан Бекешев "Улуттук статистика комитетинин маалыматынын алкагында Социалдык өнүгүү министрлиги орточо айлыкты эсептейт. Статистика комитетинин маалыматы канчалык деңгээлде туура?" - деп суроо салды.

Статистика комитетинин төрагасынын билдиришинче, орточо айлык боюнча ар бир айда маалымат чыгарылат. Ал эми орто жана чакан ишкерлердин кирешелери тууралуу маалыматтар квартал сайын берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: