super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз спортчулары таяк тартыш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 9 медаль тагынышты

 

Кыргыз спортчулары таяк тартыш боюнча Дүйнө чемпиондугунда 9 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.

Орусиянын Якутск шаарында өткөн Дүйнө биринчилигинде жалпы 39 өлкөнүн спортчулары 12 медалдар топтому үчүн күч сынашты.

Кыргыз спортчулардын арасынан 4 балбан финалга чыгып, бирок алтын байгелерге жете албай калды. Мелдештин жыйынтыгында кыргыз спортчулары 4 күмүш жана 5 коло медаль тагынышты.

Бул жыйынтык менен Кыргыз курама командасы медалдык эсепте 2-орунду ээледи. 1-орунду 10 алтын жана 1 коло медаль утуп алган Орусия курамасы жайгашса, 3-орунда 1 күмүш жана 6 коло медалды тагынган Өзбекстан курамасы жайгашты.

Медалдарды тагынган кыргыз спортчулардын тизмеси:

2-орун:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Азамат Асанов;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекжан Өмүралиев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Таштанбеков;

105 килограммга чейинки салмак ченинде: Келдибек Атайбек уулу.

3-орун:

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Дильбара Иманканова;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Кудайназар Алимов;

80 килограммга чейинки салмак ченинде: Аскат Жунушев;

80 килограммга чейинки салмак ченинде: Руслан Чыныбек уулу;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Эмил Мусуралиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: