super.kg logo

Интернетте канатын сындырып алып ветеринарга келген көгүчкөнгө таң беришүүдө. Окуя Омск шаарында болгон

 

Орусиянын Омск шаарындагы канатын сындырып алып ветеринарга өзү барган көгүчкөн тууралуу окуя талкууланууда. Интернет колдонуучулар көгүчкөндүн акылына таң берип жатышат.

Полина Смыслова аттуу ветеринар көгүчкөндүн сүрөтүн өз баракчасына жайгаштырып:

"Канатын сындырып алган көгүчкөн менин таанышым иштеген ветеринардык клиникага келип айнек эшикти чокулаган", - деп жазган.

Смыслованын айтымында көгүчкөн жардам берүү үчүн жанына келген ветеринардан качпастан, жоошуп колуна түшүп берген. Дарыгер анын канатынын түбүндөгү ийин сөөгү сынганын аныктаган. Көгүчкөнгө Френк деген ысым ыйгарылып, операция жасалган.

"Операция анча деле оор болгон жок. Бактыга жараша, сөөк майдаланган эмес. Сынган жерге темир шиш коюп операция жасалган. Эми ал шишти алып салдык. Учурда Френк канатын жайып калды. Учууга даяр. Мына ушинтип биз дагы бир канаттууга көк асман тартууладык. Азыр көгүчкөнгө багып ала турган кожоюн издеп жатабыз. Анткени ал өзгөчө породага кирет", - деп жазган Смыслова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(5)
27.11.2018. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Оо Кудайга тооба Алланын керемети да бул болсо
27.11.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мааша Аллах, Кудайдын Керемети.
27.11.2018. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ошондуктан канатууларды жаныбарларды олтурбогуло боло берет деп.
27.11.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен дагы ойлопмун бул окуя Кыргызстанда болсо керек деп..
27.11.2018. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мындан кийин көгүчкөн жебейли туугандар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: