super.kg logo

Жыл сайын өлкөдө 20 миңге жакын кыз-келин боюнан алдырып, 100дөй ымыркай төрөт үйлөрүнө калтырылат

 

Жылына өлкөдө 20 миңден ашуун кыз-келин боюнан алдырат. Бул расмий түрдө боюнан алдыргандардын гана саны экенин SUPER.KG порталына “Үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча кыргыз альянсы” коомдук бирикмесинин директору Бактыгүл Бозгорпоева билдирди.

Бирикменин башчысынын айтымында, жылына өлкөдө 100гө жакын бала төрөт үйлөрүнө калтырылат. Бул балдардын көпчүлүгү зордук-зомбулуктун артынан жарык дүйнөгө келген ымыркайлар.

"Бул биздин кичинекей өлкө үчүн өтө чөң көрсөткүч. Мындай көрүнүшкө аял кишинин сактанууну билбегендиги себеп болот. Бүгүнкү күндө жашыруун түрдө боюнан алдыргандардын саны боюнча так маалымат жок. Себеби учурда бойдон алдырууну каалагандардын көбү менчик клиникаларга кайрылууну туура көрүшөт. Ошондой эле өз алдынча дары-дармек менен боюнан түшүргөндөр да бар. Мындай кадамга баруунун негизги себеби катары кокустуктан боюна бүтүп калуу эсептелинет.

Экинчиден, аялдар такыр эле сактанбайт же көп ишенимдүү эмес ыкмалар менен сактанат, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонушпайт.

Үчүнчүдөн, турмушка чыгып ажырашып кетип, кош бойлуу болуп калса "эл эмне дейт?" деген элдин куру сөзүнөн коркуп, боюнан алдырып салган учурлар да көп катталат. Мындай нерселерди алдын алуу үчүн айымдардын бул жааттагы билим деңгээлин жогорулатуу керек. Ар бир аял "менин ден соолугум мага керек" деген ойду карманып, эгер боюна бүтүшүн каалабаса, ар кандай бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонсо болот", - дейт Бозгорпоева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
27.11.2018. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балага зар болуп жүргөндөр канча бирөгө кор заман,бирөгө зар заман болдуго кыргыз элибизди кудайым ыйманы менен сактасын!
27.11.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бала бере тургандар болсо мага эле кайрылгылачы?!Ааламдагы эн асыл энелерден болмокмун. Балага зармын. Суперчилер менин комментарийимди очурбой эле койгулачы отуном, суранам.
27.11.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Fortuna1987, Эмне жаллаң кыз төрөгөнсүзбү? Же эч эле төрөбөйсүзбү? Анда төрөт үйлөрүнө барып сүйлөшүңүз, "таштап кеткен балдарды мага бергиле" деп. Биз жакта ошондой таштап кеткен бөбөктү бирөө багып алган болчу.
27.11.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AIA-TOO, кантип багып алышат болду экен, жөн бербейт го, мен да бир жолу роддомдордон сураштырсам, бирөөлөр айтты эле. Акыл эси жакшы балдарды роддомдон текшерип туруп сатып жиберишет. Анан кичине отклонениеси барларды дом малюткага кетиришет деп. Миң доллардан кем эмеске сатышат экен
27.11.2018. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул нерсени кылмыш иши кылып адам олтуруу беренеси менен иш козгошсо. Баардык бейтапканагы буйрук берип боюнан алдыруу жонундо мыйзам чыкса. Аягы суюк, женил ойлуулук токтомок.
27.11.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Европнын (тышы жылтырак, ичи калтырак) маданиятынын таасири. Дагы "современная болуш керек" деп жарым жылаңачтанып кийинип алып төш каккандарычы, мынакей современнаяңардын акыбети. Современнаябыз деп сексуалдуу кийинип алып кафе ресторан туулган күн той-топодон калышпайт, ал жерде көзү кызгарган карышкырдай болгон шюстрилер секундда алдап илип кететта иштерин бүтүрүп таштап, таңып кетет "Менин балам эмес" деп, натыйжада эркектерди күнөөлөйт "зөөкүрлөр" деп.
27.11.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өздөрү ошол зөөкүрлөргө жем болуп бергендерин билишсе кана, дегеним жупуну эле кийинип, европаны туурабай көп ачылып-чачылып кийинип албай эле жүрсөңөр силерге эч ким жабышмак эмес, бир жагынан жабышпаса дагы кыжаалат болуп жүрөгүңөр сыгылат "мен ушундай түрүм суукко, эч ким карабай жатат" дегенсип))). Баарибир өзүңөрдү адеп-ахлактуу, тарбиялуу алып жүрсөңөр мындай жыйынтык чыкмак эмес.
AIA-TOO түзөттү 2018-11-27 21:50:45
27.11.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AIA-TOO,Ошондо силердин оюңарча жалаң аялзаты күнөөлү экенда а.Эркектерде мээ жокпу эмне?Мээни жалаң аялга эле бергенби.Эркектери сактанганга каражат алууга акча бербей.боюнда болуп калса алдырасын деп аркасынан кууп жүрүп алдырткандарды да көрүп жатабыз.Эркек да аялда ойлонуш керек.Баарын аялга оодарып коюп сулуу чымчык болбой.
28.11.2018. 01:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
bars_wire, Сен В вариантын айттың, мен А вариантын айттым). Варианттары көпта негизичи, издесең чыга берет ушинтип))!
27.11.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уят сыйыт деген калбады го кыргызымда, 20мин деген эмне шумдук. Жылына 1киченекей райондун эли аборт болуп кетет экен да. Баарыбызга Кудайым ыйман бере кор.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: