super.kg logo
  Саясат  

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов: "Конструктивдүү оппозиция болгону жакшы"

 

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?"деген соболуна президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов жооп берди.

Ал кошоматчыларга караганда катуу сындаган оппозициядан пайда көбүрөөк деген пикирде.

“Конструктивдүү оппозиция болгону жакшы. Кошоматчыларга караганда катуу сындаган оппозициядан пайда көбүрөөк. Тагыраак айтканда, кошоматчыларга караганда оппозициянын зыяны азыраак. Тилекке каршы, практикада башкаруучулар кошоматчылар менен өздөрүн ыңгайлуу сезет. Оппозицияны аз укканга көнүп алышат”, - дейт Ниязов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Рита Карасартова жана Калича Өмүралиеванын пикири бул шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: