super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Рита Карасартова: “Оппозиция күчтүү болуп, бийликти сындап турушу керек”

 

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөбүздүн ар бир президентин бийликте турганында мактагандар көп болот. Бирок ошол эле адамдардын көпчүлүгү президент бийликтен кеткенден кийин аны сындап чыгышат. Бул көрүнүш азыркы тапта деле байкалып жатат.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбеков кошоматчыларга муктажбы же оппозициягабы?"деген соболуна укук коргоочу Рита Карасартова жооп берди.

Анын айтымында, бийликти сындап туруу жакшы көрүнүш.

“Анткени кошоматчылар акча бербесе деле табылат экен. Кээ бирлер бийликти сындаган жеңил деп айтып калышат. Анда сындап көрүшсүн. Тескерисинче, мактаган жеңил. Бул нерсе туура эмес. Бардык күчтүн бир жерге үйүлүп алганынан Кудай сактасын. Тең салмактуулук болуп турса өнүгүү болот. Оппозиция күчтүү болуп, бийликти сындап турушу керек. Бул жакшы көрүнүш. Туура эмес ишти айтып турган оппозицияга ар бир бийлик муктаж”, - дейт Карасартова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Рыскелди Момбеков, президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, жарандык активист Адил Турдукулов, укук коргоочулар Динара Ошурахунова жана Калича Өмүралиеванын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: