Өзбекстанда өтүп жаткан футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеште Кыргыз футболчулары Ооганстанды жеңип алды

Өзбекстанда өтүп жаткан футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы "CAFA Women’s Championship" мелдешинде Кыргыз курама командасы Ооганстанды жеңип алды.
Беттеш Ташкент шаарындагы "Миллий" стадионунда өтүп, кыргыз футболчуларынын 1:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Жалгыз голду пенальтиден Бактыгүл Токтоболотова киргизди.
Буга чейин Кыргыз курама командасы 1-турда Тажикстан курама командасы менен ойноп, 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калган.
Мелдеште Кыргыз, Тажикстан, Ооганстан, Өзбекстан жана Иран курама командалары күч сынашат. Башкы машыктыруучу Гүлбара Уматалиева курамга 23 футболчуну чакырган. Алардын арасында испаниялык "Феминино Мадрид" футболдук клубунун оюнчусу Айдана Оторбаева да бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.