super.kg logo

Белгилүү "Губка Боб" мультфильминин жаратуучусу Стивен Хилленберг каза болду

 

Балдар сүйүп көргөн "Губка Боб" мультфильминин автору Стивен Хилленберг каза болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, америкалык аниматор 57 жашында дүйнө салды.

Маалым болгондой, Стивен Хилленберг амитрофтук склероз менен (борбордук нерв системдеринин оорусуна алып келип, паралич жана органдардын кичирейишине алып келген оору) 2017-жылдан бери жабыркап келген.

Америкалык "Nickelodeon" телеканалынын кызматкерлери маркумдун жакындарына көңүл айтты. "Стивен Хилленберг өзүнүн мультисериалында достуктун кандай болорун юмор аркылуу бере алды. Муну менен ал дүйнөдөгү бардык курактагы адамдарга кубаныч тартуулады", - деген телеканалдын жалпы жааматы.

Стивен Хилленберг карьерасын 1987-жылы баштаган. 1993-1996-жылдар аралыгында "Nickelodeon" телеканалында режиссёр, сценарист болуп эмгектенген. Ал эми "Губка Боб" мультфильминин алгачкы сериясы 1999-жылдын 1-майында эфирге чыккан. Учурда мультфильм 60 тилге которулуп, 250дөй сериясы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: