super.kg logo
  Саясат  

Талас. Таластыктар "чек ара маселеси чечилмейинче Казакстанга суу бербейбиз" дешүүдө

 
Кайнар айылынын тургундары. Алар "чек ара маселеси чечилмейинче сууну ачпайбыз" дешүүдө
Кайнар айылынын тургундары. Алар "чек ара маселеси чечилмейинче сууну ачпайбыз" дешүүдө
Жергиликтүү бийлик коңшу өлкө менен сүйлөшүү жүрүп жатканын айтышууда
Чек ара маселесин арналган жыйынга келген Кайнар айылынын жашоочулары
Суу канал ушинтип тосулган
Чек ара маселесин арналган жыйынга келген Кайнар айылынын жашоочулары
Чек ара маселесин арналган жыйынга келген Кайнар айылынын жашоочулары
Жыйында көпчүлүк "Быстроток" каналын ачпай тургандыктарын айтышты
Кара-Буура районунун акими, райондук прокурор, Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы жана башкалар
Кара-Буура районунун прокурору Улан Ибраим уулу бир топ суроолорго жооп берди
Кыргыз-казак чек арасынын жанында
Кыргыз-казак чек арасынын жанында
Кыргыз-казак чек арасынын жанында

14-июлда Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кайнар айылында чек ара маселеси боюнча жыйын болду. Ага район акими Чолпон Төрөкулов, райондук прокурор Улан Ибраим уулу, Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Мамбетов, суунун Казакстанга берилишинин токтотулушу боюнча түзүлгөн комиссиянын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты. Анда тургундар “Быстроток” каналынын ачылып Казакстанга суунун берилишине каршы экендиктерин билдиришти. “Чек ара маселеси көп жылдан бери чечилбей келе жатат. Эгер бул көрүнүш дагы деле улана берчү болсо, анда биз бул маселени эл аралык деңгээлге чейин көтөрөбүз”,- дешти суу тосуп турган жергиликтүү тургундар. Айта кетсек, нааразы тарап 7-июлдан бери сууну бууп турушат. Алар 2008-жылы казак тарапка өтүп кеткен "Большой клин" жер тилкесине байланышкан маселени чечип берүүнү талап кылышууда. Чогулгандардын айтымында, аталган аймак аркылуу кыргыздар малдарын айдап өтө алышпай калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: