Депутат: "Кыргызда "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк" жөнүндө мыйзам долбоору иштебейт"
Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Жыйында "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Аида Исмаилова "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк" мыйзам долбоору Кыргыз мамлекетинде иштебейт" деди.
Бул боюнча экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров "Мамлекеттик жеке өнөктөштүк" боюнча долбоордун келечеги бар экенин айтты.
"Коңшу мамлекеттердин тажрыйбасы изилденип чыкты. Мисалы, Казакстан, Орусияда иштеп жатат. Бизде дагы кирсе жакшы жыйынтык берет" деп жооп берди Абакиров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

