
Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери
Бакыт Төрөбаев билдирүү таратты. Анын бул жолку кайрылуусу менен бир жыл мурдагы пикирлеринин айырмасы чоң экенин байкоого болот.
Төрөбаев өз билдирүүсүндө экс президенттер бүгүнкү күндө өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир берүүчү күчкө ээ эмес экендигин баса белгилеген.
"Алмазбек Атамбаев 6 жыл бою элибизди Акаев, Бакиев деп коркуткан традициялуу ыкманы кайрадан колдонуп жатат. Бүгүнкү күндө экс-президенттер өлкөдөгү саясий кырдаалга таасир берүүчү күчкө ээ эмес. Алардын мезгили өттү. Бул өткөн тарых. Алар кайтып келишпегендиги анык.
Өлкөдөгү коррупция сот түзүмдөрүндө, прокуратура, укук коргоо жана коопсуздук кызматтарынын төмөн жакта иштеген кызматкерлеринин арасында өтө терең тамырлашып кеткендиктен, аны менен күрөшүү кыйынчылыкка турууда. Бирок ага карабастан, бүгүнкү күндө партиялаштарына, досторуна, туугандарына карабай коррупцияга каршы күрөш катуу жүрүп жатат.
Президенттин бир гана таянычы, тиреги жана сынчысы бар – ал Кыргыз мамлекетинин эли. Ошондуктан ал убакытты текке кетирбей, кээ бир адамдар тарабынан айтылган сын-пикирге, таарынычтарга маани бербей, өлкөнүн тагдырын жана келечегин ойлошу керек", - деген Төрөбаев.
Ошондой эле ал экономикалык секирик жасап, ири завод-фабрикаларды, кайра иштетүүчү өнөр жайларды, жаңы шаарларды, аэропортторду, темир жолдорду, ГЭСтерди куруп, туризмди жана экспорттук потенциалды өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып баруу керектигин кошумчалаган.
Учурда бийликке негизги оппозиция - экс-президент Алмазбек Атамбаев.
2017-жылдын 15-ноябрында мамлекетти туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы боюнча отурумда Төрөбаев ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз" деп мактоо айткан. “Алмазбек Шаршенович, өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым коштуңуз. Терең ыраазычылык билдиребиз. Адам катары сизди сыйлайбыз. Бизди сындадыңыз, бышырдыңыз”, - деген Төрөбаев.
Алмазбек Атамбаев болсо “дары болсун” деп жооп берген.