super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнө акыркы беш жылда визасыз кирген туристтер 40 миңден 113 миңге көбөйдү

 

Кыргыз өлкөсүнө акыркы беш жылда визасыз кирген туристтердин саны 40 миңден 113 миңге көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.

Жыйынында "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторов аталган мыйзамды киргизүүдө терроризм, экстремизмге тийиштүү маселелер дыкат каралуусу керектигин билдирди.

Мыйзамдын демилгечиси Дастан Бекешев: ет мамлекеттерден өлкөгө көптөгөн жарандар келип жатканын айтып, 60 күндүк визасыз режимди киргизбей койсо, коопсуздук маселеси дароо чечилип калабы? Визасыз режимди киргизсек, туристтердин Кыргыз мамлекетине келүүсүнө жакшы шарт түзүлөт. 2030-жылга чейин визасыз режимди киргизүү боюнча мыйзам долбоорун колдоп бергиле", - деди.

Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун билдирүүсү боюнча, учурда Кыргыз мамлекети менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Жарандар 39 өлкөдөн визаны барганда ала алат, ал эми 132 мамлекетке барыш үчүн алдын ала виза алуу талап кылына турганын белгиледи.

"Акыркы беш жылда өлкөгө визасыз кирген туристтер көбөйгөн. Былтыр визасыз режим кирген өлкөлөрдөн 99 миңге жакын турист келген", - дейт Максат Дамир уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.11.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анын 80% Россияданы кыргыз жарандар
28.11.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан жайлоо да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: