super.kg logo

Футболчу Мохаммед Салах кароосуз калган жаныбарларды Египеттен чыгарууга каршы экенин билдирди

 

Египеттик белгилүү футболчу, "Ливерпуль" клубунун оюнчусу Мохаммед Салах кароосуз калган жаныбарларды чет өлкөгө чыгаруу боюнча долбоорго каршы экенин билдирди. Бул тууралуу оюнчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Өткөн жумада египеттик "Аl-Masry Аl-Youm" басылмасы министрлик долбоордун негизинде 2 миң 400 мышык жана 1 миң 600 итти өлкөдөн чыгарганга даярданып жатканын жарыялаган. Ошондой эле министрликтин маалымат кызматкери жаныбарлар атайын вакцинациядан өтүп жана өлкөдөн чыгарылууга даярдалып жатканын жергиликтүү телеканалдардын бирине айткан.

Бул маалымат көпчүлүккө жакпай жаныбарларды коргоо уюмдары өз нааразычылыктарын айтып, социалдык тармактарда ар кандай акциялар башталган.

Акциялардын бирин колдоо максатында Мохаммед Салах мышыктар менен түшкөн сүрөтүн жарыялап "Мышыктар жана иттер өлкөдөн чыгарылбайт" деп жазган. Көпчүлүк интернет колдонуучулар спортчунун мындай кадамын колдоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.11.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көчөдөгү кароосуз Ит-мышыктарды чыгарыш керекта ызылдап жатса, болбосо өзүң контролдоп карап-бак аларды. Үйдөгүлөргө тийбейт кыжаалат болбо.
29.11.2018. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А эми
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: