Японияда күндүн ысыгынан 17 адам өлүп, 7 миң адам ооруканага кайрылды
Японияда миңдеген адамдар аба ырайынын жогорку температурада ысышынан жапа чегишүүдө. 14-июль күнү ысыктын айынан 3 адам каза болуп, бир нече адам ооруканага жеткирилди. Маалыматтарга таянсак, акыркы 2 апта ичинде күндүн ысыгынан 17 адам өлүп, 7 миң адам ооруканага кайрылышты. Алардын ичинен үчөөсү оор абалда. Ысыктан негизинен эскертүүлөргө карабастан жашылча-жемиш бакчаларында иштеп жаткан кары-картаңдар жапа чегишүүдө. Аталган өлкөдө абанын күндүзгү температурасы 37°C болууда. Ал эми метеорологдор жакында мындан да ысык болушу күтүлүп жатканын кабарлоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.