super.kg logo
  Саясат  

Депутат Төрөбай Зулпукаров: "Өкмөттүн курамын бекитүүдө президент тарабынан күч колдонулат дегенге кошулбайм"

 

Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.

SUPER.KG порталынын "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров жооп берди. Ал бардык бийлик бутактары тең салмактуу болушу керек деген түшүнүк жок экенин айтты.

"Кыргыз мамлекети парламенттик-президенттик мамлекетке 2010-жылы жаңы Конституция кабыл алынганда өткөн. 2016-жылы Конституция дагы бир жолу өзгөрдү. Ошонун негизинде өкмөттүн, парламенттин, президенттин негизги укуктары аныкталып калды. Бул жерде бардык бийлик бутактары тең салмактуу болсун деген түшүнүк туура эмес. Бүгүнкү күндө өкмөттүн курамын, программасын Жогорку Кеңеш бекитет. Ошондуктан өлкөнүн экономикасына негизги түздөн-түз жооп бере турган орган өкмөт. Мыйзам чыгаруу, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөгө Жогорку Кеңеш жооп берет. Тең салмактуулук болбойт. Өкмөттүн курамын бекитүүдө президент тарабынан күч колдонулат дегенге кошулбайм. Ар түрдүү сөздөр айтылышы мүмкүн. Парламентте 120 депутат бар. Кээ бир учурда президентке жакпаган министрлер өкмөттүн катарында бар болушу мүмкүн", - деди Зулпукаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчилер Марс Сариев жана Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: