super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Бийлик бутактарынын тең салмактуулугунун бузулушуна биринчи кезекте Конституция күнөөлүү"

 

Коомчулукта парламент өз функциясын аткара албай, толук укугун колдонбой жатат деген пикирлер айтылып келет. Мунун айынан бийлик бутактарындагы баланс бузулуп, президенттин бийлиги басымдуу болуп кетти деген кептер дагы бар.

SUPER.KG порталынын "Бийлик бутактарындагы тең салмактуулуктун бузулушуна ким күнөөлүү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди. Ал президенттин бардык бийлик бутактарын басып алуусуна чоң шарт түзүлүп калган деген пикирин айтты.

"Бийлик бутактарынын тең салмактуулугунун бузулушуна биринчи кезекте Конституция күнөөлүү. Анткени Конституцияда ошентип жазылып калган. Бул туура эмес. Баш мыйзамда бийлик бутактарынын баарын президент басып алышы керек деген сөз жок. Бирок президентке УКМК, Башкы прокуратура, Башкы штабды берип коюу менен президенттин бардык бийлик бутактарын басып алуусуна чоң шарт түзүп таштаганбыз. Албетте, расмий эмес, жашыруун жолдор менен шарт түзүлгөн. Бул нерсени азыркы келген президент дагы пайдаланып жатат. Мурдагы президенттер дагы пайдаланчу. Ошол президенттердин жолу менен азыркы мамлекет башчы улантууда. Өкмөттү, парламентти, сот бийлигин, жергиликтүү бийликти дагы президент басып алып каалаганын кылып жатат", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина, саясатчы Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков, саясий серепчилер Марс Сариев жана Марат Казакбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: