super.kg logo
  Саясат  

Алтынбек Сулаймановдун экс-премьер-министр Темир Сариев боюнча билдирүүсүн Башкы прокуратура текшере элек

 

"Бир бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун экс-премьер-министр Темир Сариев боюнча айткан сыны боюнча Башкы прокуратурада иш жүргөн эмес. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына аталган мекеменин маалымат кызматынан тастыкташты.

Башкы прокуратурадан "бул боюнча мекеменин башкармалыктарында маалымат жок" дешти.

Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бул боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин Алтынбек Сулайманов SUPER.KG порталына парламентте Темир Сариев боюнча айткан сөздөрү расмий билдирүү болгонун жана бул маселеге тиийштүү тараптар баа бериши керектигин айткан.

Буга чейин Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында "ЕАЭБге шашып кирип Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын колдобой, эртеңки президенттик шайлоону ойлоптурбуз" деп Сариевди сынга алган. Сулайманов кеткен кемчиликтерди аныктоо боюнча Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына кайрылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: