super.kg logo

Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев кызматкерлерине журналисттерге маалымат берүүгө тыюу салды

 

Социалдык тармактарда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевдин мэриянын жана муниципалдык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өз ара иштөөсүн уюштуруу жөнүндөгү буйругу жарыяланды.

Буйрукка ылайык, мэриянын кызматкерлери массалык маалымат каражаттарына кандайдыр бир маалымат берүүдөн мурда шаар жетекчилиги менен макулдашуусу зарыл. Иш сапарга чыгып келгенден кийин 3 күндүн ичинде жазуу жүзүндө отчёт берүүгө милдеттендирилет.

Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө биринчи вице-мэр М.Адылбековго жүктөлгөнү жазылган.

Буйрук "Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө" мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн жана маалымат саясатындагы коопсуздукту сактоо максатында чыгарылганы да айтылат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
28.11.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмнеге мынчалык кооптонуп калды экен МЭРаке, же бир нерсе барбы кооптонгудай журналисттен?!
28.11.2018. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мэрия кызматкерлери муниципиалдык кызмат эмнеге мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамга таянып буйрук чыгарган,базардан келгендерге баары бир окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: